Ош-Исфана унаа жолунда газ ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Ош-Баткен-Исфана унаа жолдорунда газ ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жол четинен чыгып оодарылып кетти. Бул тууралу КР ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда 26-июнь күнү саат 16:33 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жол каттамынын 101-чакырымында болгон.
Анда “Ренуалт” үлгүсүндөгү №04KG883РА мамлекеттик номерлүү газ ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа (19 тонна газы бар) жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №75 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 кран, жеке менчик 1кран жана 1 жуктөгүч тартылып, унааны тургузушкан.
Бактыга жараша жабырлануучулар жок.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: